7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэринин тапшырмасын аткарбагандарга эскертүү жана сөгүш берилди

645

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматкерлерге жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине жума сайын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырды.

Тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн калаа башчысы борбордук аппараттын жетекчиси М.М.Исаковго жана уюштуруу-контролдук иштер башкармалыгынын башчысы К.А. Акматбековго эскертүү берди. Эскертүү алгандардын арасында Биринчи май, Свердлов райондорунун акимдери бар.

Мындан тышкары, Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Бакы Караевге катуу сөгүш, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Назгүл Койбагаровага сөгүш жарыяланды.

Шаар мэринин тапшырмасын аткарбаган кызматкерлерге чара көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Бул чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, коомдук транспорттун абалын көзөмөлдөөгө, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын  ж.б.у.с. жакшыртууга багытталган. Кызматтык унаалар шашылыш  учурларда гана колдонулат.

646