7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эки тургунду чала өлүк кылып каналга таштап кетишкен

541

Ош облусунда эки тургунду катуу сабап, каналдын боюна таштап кеткен деп шектелген төрт адам кармалды. Алар 20-майда колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө «Алтын маньяк» каймана аты менен таанымал 47 жаштагы А.Т. кармалган. Ал — уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда соттолгон. Ошондой эле 28 жаштагы А.Н. уулу, 38 жаштагы Т.М. (мурда соттолгон) жана Б.О. аттуу жарандар колго түшүрүлгөн. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция билдиргендей, кармалгандар 9-майда Куршаб айыл аймагынын 29 жана 27 жаштагы тургундарын үйүнөн чакырып чыгып, мурдагы мамилелерин чечишүү үчүн катуу сабап, чала жан кылып, каналдын боюна таштап кеткен.

Ур-токмокко кабылган жарандар аймактык ооруканаган кайрылган.

Аталган окуяга байланыштуу 130-берене (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө

542