7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдардын көпчүлүгү коомдук транспортто ыдыкка кабылганы айтылды

482

Акыркы жылдары Кыргызстанда коомдук транспортто ыдык көрсөтүү көйгөйү күч алууда. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Башкы укук коргоочу коомдук транспорт аялдар жана кыздар үчүн кооптуу жай болуп жатканын белгилейт.

Акыйкатчы институтунун атайын сурамжылоосуна 250 аял жана кыздар катышкан. Алардын 90 пайызы коомдук транспортто ыдык көрсөтүүнүн ар кыл формаларына кабылышкан билдиришкен. Аларга сүйкөнүү, ыктоо, кармалоо (80%), тиктөө (69%), тийишүү (57%) болгон.

Иш жүзүндө ар бир экинчи аял адепсиз үн чыгарууларга (44%) жана уятсыз ымдап-жымдоолорго кабылышкан.

Ар бир үчүнчүсү мазактап-сөгүүгө (33%) жана ишараттарга (30%) күбө болушкан.

Сурамжылоого катышкан аялдардын 14 пайызына эркектер сексуалдык мүнөздөгү талап айтып, өзүнүн денесинин интимдик бөлүгүн көрсөткөн.

Ыдык көбүнчө маршруткада (82%) болот. Ар бир экинчи аял автобуста (51%), ар бир үчүнчүсү – троллейбуста (35%), ал эми ар бир бешинчиси – таксиде (19%) ыплас аракеттерге дуушар болушканын белгилешкен.

 

 

 

 

483