7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 2 баласы менен келинди кайнагасы өлтүргөн. Үрөй учурган окуянын чоо-жайы

743

Таластын Ак-Башат айылындагы үрөй учурган окуянын жагдайлары такталды. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.

Кылмыш 23-май түнү жасалган. Милицияга кабар саат 00:37де түшүп, жерине барган ыкчам топ 26 жаштагы келиндин, төрт жаштагы кызынын жана 2,5 жаштагы уулунун сөөгүн тапкан. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынып, кийин кармоо учурунда өлтүрүлгөн.

Маалыматка караганда, шектүү К.Н. — келиндин кайнагасы, ал К.М. аттуу инисинен мурдатан өч алууну эңсеп жүргөн. Бир кезде бир туугандар мүлк талашып чыр болгон. Натыйжада 2018-жылы К.Н. өз инисин бычактап өлтүрүүгө аракет кылган. Ал Кара-Буура (азыркы Айтматов) райондук сотунун чечими менен «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2023-жылдын мартында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыгарылган.

Шектүү 23-май күнү эски таарынычын эстеп саат 23:00 чамасында инисинин үйүнө барган. Бул учурда бир тууганы талаа иштери менен алек болуп жүргөн. Анын үйүндө жок экенин пайдаланып аялын жана балдарын өлтүрүп, тоо тарапка качып кеткен.

 

744