7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашхабад шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

624

Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду.

Эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метрге жетет, ал эми постамент 2,5 метрге барабар.

Эске салсак, Түркмөнстандын эл акыны жана философу Махтумкули Фрагиге арналган эбегейсиз парк комплексинин ачылыш аземи 2024-жылдын 17-майында президент Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда өткөн.

Парк түзүү идеясы түркмөн элинин улуттук лидери, акын жана ойчул Гурбангулы Бердымухамедге таандык. Парктын аймагында анын 60 метрлик эстелигинен тышкары чет элдик жазуучулардын 25ке жакын эстелиги орнотулган.

625