25-май күнү ϴзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургуну (жаш өспүрүм) үйүнүн короосундагы сарайында өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Маркумдун жансыз денесине тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суралууда. Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.