7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев 8 балалуу жалгыз бой энеге Токмоктон батир белек кылды

658

27-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Айжан Бакаловага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Материалдык жактан оор абалда жашы жете элек сегиз баласын жалгыз тарбиялап жаткан Айжан, буга чейин Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган. Анткени көп балалуу үй-бүлөнүн үй-жайы жок болгондуктан, көп жылдар боюу турмуштук кыйынчылыктарды башынан кечирип келген.

Мындан улам, УКМК төрагасынын тапшырмасы менен көп балалуу үй-бүлөгө Токмок шаарынын кичи райондорунун биринен, бардык тиричилик шарттары жана эмерек буюмдары менен жабдылган үч бөлмөлүү батир тапшырылды.

Өз кезегинде Айжан Бакалова аталган батирдин ачкычы үй-бүлөсүнө балдарды коргоо күнүнүн алдында тапшырылганына өзгөчө токтолду. УКМК төрагасына көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, УКМК социалдык жактан муктаж жарандарга аяр мамиле жасап, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө ыкчам көмөк көрсөткөндүгүн баса белгиледи.

 

659