7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда «Йакын инкардын» 9 мүчөсү кармалды

595

Нарын облусунда «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымынын тогуз мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ат-Башы районунун Большевик айылында «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү. Бул агымга тиешелүү көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү китептер, дептерлер жана журналдар, электрондук ноутбуктар, флешкалар жана телефондор табылды. Алынган материалдар боюнча соттук экспертизалар дайындалды.

Ыкчам-иликтөөнүн негизинде “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын тогуз мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми, уюмдун 3 мүчөсү экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты.

 

 

596