7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зыяратчылардын алгачкы тобу Оштон учуп кетти

519

Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттан билдирет.

Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев жана анын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков башында турган дин ишмерлери катышты.

«Ушул күн, ушул сааттар сиздер жана биздер үчүн абдан маанилүү учур. Анткени сиздер Алла Тааламдын чакырыгына моюн сунуп, улуу ибадатка бой таштап, «Лаббайка аллахумма лаббайк» деп ак жолго аттануу алдында турасыздар. Миллиондогон элдин ичинен тандалып бара жатканыңыздар эмне деген керемет! Ай барып, аман келиңиздер. Ыйык жайларда элибиз-жерибиз үчүн, өлкөбүз үчүн сөзсүз дуба кылыңыздар», – деди азирети муфтий.

Ал эми зыяратчыларды узатуу үчүн атайын келген калаа башчысы ажылыкка аттангандарга ак жол кааласа, САП элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради зыяратчылардын ажылыгын кабыл болуусун тилеп, үммөт үчүн дуба кылууну өтүндү.

520