7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунтаев: «Биз диалогго ачыкпыз. Социалдык көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн чараларды көрүп жатабыз”

440

Мамкурулуш уруксатсыз курулган объектилерден турак жай сатып алган үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүндө иштеп жатат.

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын айрым акционерлери укук белгилөөчү документтерди алуу көйгөйүнө туш болушкан, анткени курулушчулар азыркы мыйзамдарда каралган курулуш үчүн бардык керектүү документтерди албай туруп, турак жайларды курушкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бул жагдайды жөнгө салуу максатында «Элит Хаус» курулуш компаниясы өз ыктыяры менен жалпы баасы 177 423 915 сомду түзгөн 2004,79 чарчы метр аянтын мамлекеттин менчигине өткөрүп берет, ал эми Мамлекеттик курулуш агенттиги өз компетенциясынын чегинде макулдашуу жана долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча иштеп чыгуучуга ар тараптуу жардам көрсөтөт.

Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, бул мисал башка курулуш компанияларына үлгү болуп, алардын ишмердүүлүгүн иретке келтирүү жана акционерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн ушундай жолго түшүүгө түрткү болот. Ал ошондой эле турак-жай сатып алууну каалаган жана ушул сыяктуу көйгөйгө туш келбеген жарандар Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментине кайрылуусу керектигин, анын кызматкерлери курулуштун мыйзамдуулугун тастыктоочу бардык документтерди текшерип, турак жай сатып алуу боюнча керектүү жана так маалыматтарды беришээрин белгиледи.

Ал эми чет жерде жүргөндөргө, Мамлекеттик курулуш агенттигинин сайтынан жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларынан маалымат алууну кеңеш кылды.

Нурдан Орунтаевдин айтымында, бул чаралар болуп көрбөгөндөй социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жана алдын алууга багытталган.

 

 

441