7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боорду алмаштыруу операциялары президенттик фонддон каржыланат

420

Боорду алмаштыруу боюнча бардык операциялар президенттин фондунан каржыланат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, боорду алмаштыруу боюнча бир операция 25-30 миң долларды түзөт.

Саламаттык сактоо министри боорду алмаштыруу боюнча программанын ийгиликтүү башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.

«Бул каражаттар кыргыз-түрк достук ооруканасына керектүү жабдууларды сатып алуу жана орнотууга, медициналык процедуралардын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандарттарын камсыз кылууга багытталган», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциялары жасалат. Операциялар кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүргүзүлөт.

421