Министрлер Кабинети аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн балдарынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйттү.
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары;
- Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар;
- Камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдар;
- Жетим балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдар;
- Турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар
Бул тизмеге кирген балдарга жайкы мезгилде эс алуусун жана ден соолугун чыңдоо боюнча иштерди уюштуруу тапшырылды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Долбоордун максаты жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана ишке орноштурууну уюштуруунун жол-жоболорун оптималдаштыруу болуп саналат. Министрлер кабинетинин бул буйругу менен балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга 15 миллион сом бөлүнөт. Буга чейин бул максаттарга жыл сайын 5 миллион сом бөлүнчү.
Жыл сайын балдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу «Алтын-Балалык» ден соолук жана реабилитациялык борбору» мамлекеттик мекемесине жөнөтүлөт.
2023-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын отурумунда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эң көп камтуу, ошондуктан республикалык бюджеттен каржылоонун көлөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынган.