7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үзүр Жусупбеков Польшада өтүп жаткан рейтингдик турниринде коло байгеге ээ болду

472

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Варшава шаарында (Польша) өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” атуу рейтингдик турнирде коло байгеге татыды.

Спортчу 97 кг чейинки салмак чен бирдигинде катышып, тилекке каршы биринчи кармашын украиналык балбанга жеңилип калган. Кийинки беттешин алжирлик спортчуну артта калтырды. Ал эми коло медаль үчүн кармашын польшалык Якуб Антожевски аттуу спортчу менен өткөрүп 3-орунду багындыра алды.

Эске салсак, Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшадагы рейтингдик турнирге катышып жатат.

19-июнь күнү башталган мелдештер 24-июнда жыйынтыкталат.

 

 

 

 

 

 

473