7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айлыгын бербей коркутуп… Тигүү цехтин кожойкеси менен милиция кармалды

342

Чет өлкөлүк жумушчуларды мыйзамсыз иштетип, тигүү цехин уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

20-июнга караган түнү Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан цехте тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анда Түштүк Азиядагы өлкөлөрдөн келген 30 жаран эмгектенип жатканы такталды.

Аталган жарандарды Ж.А. алдамчылык жол менен ишке алып, убада кылынган эмгек акысын берген эмес. Ал жергиликтүү милиция кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алган. Аларды Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн каматам деп коркутуп турган. Жумуш орундары жана жашоо шарттары санитардык талаптарга жооп бербейт. Толук тамактануу дээрлик камсыз кылынган эмес.

Ж.А. жана райондук милиция кызматкери А.А. убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

 

343