Кыргыз бермети Ысык-Көлгө арналган азербайжан тилиндеги ыр кыргызчага которулду.
“Ысык-Көл – үмүт чырагым” аттуу ыр Азербайжандын эл артисти Гулянаг Мамедованын аткаруусунда жаңырып жатат. Анын айтымында, ырдын сөзү Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин кызы Лейла Алиевага таандык. Ал ырды Ысык-Көлгө эс алганы келгенде жазган.
Бул ырды кыргыз тилине академик Осмонакун Ибраимов которгон. Обон жазылгандан бери Азербайжандын белгилүү ырчылары ырдап баштаган.