30-июнда саат 22:30да Казакстандан атайын рейс менен гуманитардык жардам Ош шаарынын аэропортуна учуп келди.
Гуманитардык жардамды тосуп алууга Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И.Ташбаев, Казакстандын Ош шаарындагы консулу М.Карыбай жана Казахстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жамбыл облусу боюнча башкармалыгынын директору А.Токанов катышты.
Селден жабыркаган Ноокаттыктарга келген гуманитардык жардам керектүү буюмдардан жана азык-түлүктөрдөн турат.