7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга барат

293

Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжан Республикасына иш сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат. Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу” болуп саналат.

Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат.

Саммиттин ишине Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, Түркия Республикасынын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат”, — деп Азымбакиев билдирди.

294