7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга барды

394

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжан Республикасына барды.

Мамлекет башчысынын борту Физули шаарындагы Эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Ягуб Эюбов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө-мамлекеттердин жана байкоочуларынын желектери илинген, килем төшөлгөн, аны бойлото Ардактуу кароол тизилген. 

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат.

395