7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарынбек Асанжанов: Канчалык өнүккөн тажрыйба болсо да, аны кыргыз шарттарына ылайыкташтырыш керек

477

Туризм академиясынын окуу иштери боюнча проректору Нарынбек Асанжанов: Туризм тармагын түшүнүп, аны өнүктүрүү өзгөчөлүктөрүн билген адистерге суроо-талап абдан жогору, анткени туризм баардык дүйнө мамлекеттеринде бар жана улам өйдө деңгээлге чыгуу аракетинде. Биздин Академияны бүтүргөндөр баардык өлкөлөрдө иштей алат, бирок, негизинен, мурдагы советтик жумурияттардын туристтери барган мамлекеттедерде орун табат, анткени туристтик компаниялардын жетекчилери үчүн ошол менталитетти түшүнгөн кызматкерлер керек.

Бизде окугандар студент кезинде каникул учурунда эле туризм тармагында иштей баштайт, айрымдар Түркия, Таиланд, Мисирге барып иштеп келет жана өз мугалимдери менен такай онлайн байланышында болуп турат. Белгилүү туристтик ишканалардын адистери да биздин Академияга келип, сабак берип турат. Батыш же Чыгыштын туристтик ыкмалары канчалык өнүккөн же алдыңкы болсо дагы, аларды Кыргызстанда пайдалануу үчүн өз шарттарыбызга ылайыкташтырыш керекпиз жана эч бир майда нерсени көңүлдөн чыгарбоого тийиш.

478