7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды

382

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) барды.

Мамлекет башчынын борту Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Ташкент жана Хива шаарларында өтөт.

 

383