7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

12 жаштагы Алинур көлгө чөгүп бараткан үч аялды куткарып калган

482
12 жаштагы Алинур Туратбеков  Каракол шаардык пляжынын жанындагы көлгө чөгүп бараткан үч аялдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 20-июль күнү кечинде, Алинур апасы жана карындаштары менен көл жээкте эс алып жүргөндө болгон. Жардам сураган үндөрдү уккан Алинур, толкунга туруштук бере албай, чөгүп баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга секирип кирген. Ошол маалда эки аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок, көлдүн алдындагы оюктарга туш болушуп, кошо чөгүп башташкан.
Сууда сүзүү чеберчилигин жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, Алинур чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин чыгарып, бардыгын жээкке жеткире алган.
Анын атасы менен апасы милиция кызматкерлери болуп эмгектенип келишет. Алинур самбо күрөшү менен машыгат.

483