7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Депутат болсоң эмне кылайын!” Эрулан Көкүлов менен Токмоктун мэри айтыша кетти

483

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев айтыша кетишти. Бул тууралуу видео менен эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Маалыматка ылайык, Токмокто ата-энелер депутат Эрулан Көкүловго оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептин абалына нааразычылыгын билдирип кайрылышкан.

Депутат шаар мэри Максат Нусувалиевди чакырып келип, спорт залдын полу сапатсыз экенин көрсөткөн. Бирок шаар башчыга Көкүловдун сүйлөө тону жакпай, экөө айтыша кеткен.

Мэр эл өкүлүнө үнүн көтөрбөй сүйлөөнү өтүнсө, Көкүлов өзүн Жогорку Кеңештин депутаты экенин эскерткен.

Ага мэр «Депутат болсоң эмне кылайын!»,-деп жооп берген.

 

 

 

484