7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбан Акылбек Талантбеков 4 жылга мелдештерден четтетилди

564
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акылбек Талантбеков 2027-жылдын 11-июнуна чейин мелдештерден четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайты кабарлады. 
Спортчудан 2023-жылдын 10-апрелиндеги текшерүүдө тыюу салынган метастерон аныкталган.
Спортчуну алгач 2023-жылдын 12-июнуна чейин убактылуу четтетүү чечими кабыл алынган, бирок териштирүүдөн кийин төрт жылга дисквалификация кылганын көрүүгө болот.
Эске салсак, Акылбек Талантбеков былтыр апрелде Астанадагы Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп, чемпион болгон.
Спортчу 82 килограмм салмакта финалдык беттеште казакстандык Диас Календи уткан. Эми алтын медаль казакстандык спортчуга өтмөкчү.
565