Чоң-Алайдагы Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам берилди. Ар бир үй-бүлөгө себетке салынган азык-түлүктөр таратылды.
“Бизге мамлекет боор тартып, абдан жакшы жардам берүүдө. Турак жай менен камсыз кылды. Бизди кыргызстандыктар өгөйлөгөн жок, тескерисинче бооруна тартып, жардам берүүдө. Жолдун алыстыгына карабай, бизден кабар алып, азык-түлүк менен камсыз кылганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз”, — деди этникалык кыргыздар.
«Ыйман» фонду менен Падыша Салман фонду биргеликте жардам көрсөтүп, кайрымдуулук – бул марттыктын бүтүндөй бир ааламы экенин белгилешти.
«Биз боордошторубузга кайдыгер карабайбыз. Ар дайым сиздердин ооруңарды колдон, жеңилиңерди жерден алып турабыз. Анткени сиздер биздин бир боорубузсуңар. Жүрөгүбүз сиздер менен», — дешти.