Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун Кара-Буура ашуусундагы каттамы жана Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы каттамы 14-октябрдан баштап жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Белгиленген унаа жолдорунда өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Чаткал жана Сузак райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу чыгарлып, 2025-жылдын жаз мезгилине чейин жол эки тараптуу жабылганын маалымдады.