7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айнура Аскарова Өкмөттү азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды

631

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү азык-түлүктүн кымбатташы боюнча маселелер көтөрүлдү.

Алсак, депутат Айнура Аскарова азык-түлүктүн кымбатташы калкка оорчулук туудуруп жатканын белгилеп: «Айрыкча аз камсыз үй-бүлөлөр жана пенсионерлер үчүн оор сокку болууда. Өкмөт тиешелүү чаралары кабыл алышы керек», — деди.

Ушул эле маселеге депутат Айнура Осмонова токтолуп: «Бизде тамак ашка керектүү май чыгарган бир эле ишкана бар. Алардын бардык документтери камсыздалган. Бирок иштебей келет. Андыктан, импортко карата көз карандылыкты азайтып, май чыгарган ишкананы Өкмөт колдоого алышы зарыл», — деп кошумчалады.


Ал эми депутат Тазабек Икрамов коронавирус илдетине каршы эмдөө тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилеп: «Каяктан келип жатат, алар коопсузбу? — деген суроолор көп болууда. Андыктан, парламентке да так маалымат берүү маанилүү» ,- деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632