4-ноябрда Нарын облусунун Нарын шаарында 120 орунга эсептелген “Керемет” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Камчыбек Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу УКМКнын негизги милдеттеринин бири экендигин белгиледи.
Мындан тышкары төрага, УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады. Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.
Жаңы ачылган бала бакчага учурда 3 жаштан 6 жашка чейинки 80ден ашуун бала кабыл алынган. Бул бала бакчанын жалпы аянты 0,25 га , ал эми имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram