7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүн районундагы бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

229

Аламүдүн районунун Октябрь айылында жайгашкан, жалпы аянты 1,236 га жана болжолдуу баасы 101 млн.843 миң сом болгон бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

2000-жылы «Эдельвейс-трикотаж» АК Арбитраждык сотунун чечими менен банкрот деп табылып, андан кийин жоюлуп кеткен, буга байланыштуу аталган бала бакча жанаша жайгашкан жери менен Октябрь айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Бирок азыркы учурда белгиленген социалдык объект жеке менчикте болуп, өзүнүн багыты боюнча пайдаланылбастан, тигүү цехине багытталган.

2008-жылы социалдык инфраструктураны ээликтен ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карабастан, бала бакча мыйзамсыз жеке менчикке өтүп, өндүрүш объектиси катары өзгөртүлгөн.

Аталган мүлктүн ээлери 2024-жылдын 30-сентябрында мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, өз ыктыяры менен бала бакчаны Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

 

 

 

230