7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баасы асман чапчыйт». Депутат «Яндекс такси» боюнча үн катты

456

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев «Яндекс.Такси» компаниясынын ишмердүүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал аталган компаниянын такси кызматы үчүн айдоочулардан алынган комиссиясы улам көтөрүлүп жатканын сындады.

«Мен миңдеген такси айдоочусунун өтүнүчүн, талабын айтайын. Бул маселени экинчи ирет көтөрүп жатам. Анткени «Яндекс такси» кызматы Кыргызстанда бул тармактын 90 пайызын ээлеп, монополист катары катталды. Башында абдан аз комиссия менен рынокко кирген. Баасын улам көтөрүп отуруп, азыр таксоппаркты кошкондо комиссия 21 пайызга жетти. Миңдеген такси айдоочу ушул компанияга иштеп берип жатышат. Алардын баары машинени ижарага алып, иштеп жүрүшөт. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы да буларга чара көрө албайт экен. “биз берген каттарга “Яндекс.Такси” жөндөп жооп бербейт” дешти. Болгону эки жолу 13 миң сомдон айып салыныптыр. Бизди да тоготпой жатат дешти. Бул компаниянын ишмердүүлүгүн караш керек» , — деди Акаев.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

457