Пара талап кылуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ИИБ тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-мартында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Маасы айылынан майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга, анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү боюнча арыз ээсинен 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны «Р. у. И.» жана «Э.К.» аттуу жаран кармалган.
«Кармалган милициянын капитаны «Р. у. И.» жана «Э.К.» КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлдү. Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.