Бишкек жана Ошто калың тумандан улам аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдирди.
“Манас” эл аралык аэропортунда – Ош, Жалал-Абад, Талас, Сургут, Анталия, Стамбул, Ташкент уча турган каттамдар токтоп турат.
Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортунда дагы төмөндөгү каттамдар кармалып жатат.
- Ош — Стамбул;
 - Ош — Екатеринбург;
 - Ош – Москва «Домодедово» аэропорту;
 - Ош — Москва «Шереметьево» аэропорту;
 - Ош — Москва «Жуковский» аэропорту;
 - Ош — Москва «Внуково» аэропорту;
 - Ош — Кувейт шаары, 2 каттам;
 - Ош — Жидда;
 - Ош — Бишкек.
 




