7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев U-20 жаштар курамасы менен жолукту

524

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев U-20 жаштар курамасынын оюнчулары, команданын машыктыруучулук жана административдик штабынын мүчөлөрү менен жолукту.

Чогулушка КФБ жетекчилигинен КФБ Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана Жалал-Абад шаарынын «Барселона» футбол академиясынын президенти Айбек Алыбаев катышты.

Эскерте кетсек, 2025-жылкы Азия Кубогуна даярдыгын улантуу үчүн 3-январдан тарта курамабыз Испаниянын Аликанте шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Машыгуулар «Pinatar» базасында орун алат.

КФБ башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын футбол боюнча курамасы алгачкы жолу Европа өлкөсүндө жыйын өткөрө тургандыгын белгилеп, андан үзүрлүү жыйынтык болооруна ишенеерин айтты. Окуу-машыгуу жыйын үчүн кураманын делегациясын Алыбаев Айбек жетектеп барат.

525