7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жыл майрамы учурунда коопсуздук күчөтүлөт

303

Алдыдагы жаңы жыл майрамы учурунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышат. Айрыкча эл көп чогулган жерлерде, унаалардын кыймылы көп болгон көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тескөөчүлөрү жол тыгындарын жөнгө салышат.

Майрамдык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо максатында ИИМдин атынан Чүй облусуна бөлүнгөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков Чүй ОИИБнин кызматкерлерине саптык кароо өткөрүп, ИИМдин буйрук жана нускамаларын жеткирди.

Анда, кызматкерлердин кийген формасынан тартып, кызматтык күбөлүгү, күнүмдүк кызматта колдонуучу шаймандарын жана кызматтык тартибин текшерүүгө алып, орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмаларды койду.

Ошондой эле Чүй районунун акимчилигинин өкүлдөрү жана Чүй ОИИБнин жетекчилигинин катышуусунда жалпы өздүк курамга жыйын өткөрүп, майрам учурунда жогорку күчөтүлгөн тартипте жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздап берүү менен сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү тапшырмалары коюулду.

Ал эми кызматкерлерге майрам күндөрү элге кызмат кылуу учурунда өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо, коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу зарылчылыгы эскертилди.

 

304