7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жыйын өткөрүлдү

356

Бүгүн, 10-январда УКМК тарабынан “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кабыл алынган ( 2024-жылдын 31-декабрында КР Президенти тарабынан бекитилген) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында, Кыргызстандын Жогорку саясий жетекчилигинин мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштарды жоюу боюнча ички саясий курсунун чараларын андан ары ишке ашыруунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын бардык жетекчилеринин, райондук администрациялардын башчыларынын жана муниципалдык ишканалардын, орто билим берүү мектептеринин директорлорунун, ошондой эле Бишкек шаарынын ооруканаларынын башчыларынын катышуусунда  кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга жалпы 250дөн ашуун катышуучу чогулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө  жетекчилерге Кыргызстандын кабыл алынган мыйзамынын айрым пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштери, ошондой эле коррупциялык фактылар, козголгон кылмыш иштери жана сотко тартылган адамдар боюнча акыркы 4 жылдагы статистикалык маалыматтар берилди.

Коррупциялык иштин фактылары аныкталган учурда тиешеси бар адамдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга өмүр бою белгилүү бир  мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салынып, күнөөлүү адамга карата эркиндигинен ажыратуу түрүндө милдеттүү түрдө жаза берилип, мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга тийиш болот.

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү жана максаттуу иштерди жүргүзүүнү улантууда.

357