7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев акталды

363

Жогорку сот Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаевди актады. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Самаевге карата буга чейинки инстанцияларда чыккан өкүмдөр өзгөртүлүп, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыбы жокко чыгарылды.

2023-жылы апрелде УКМК «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп Самаевди кармап, ишканада болгон мыйзамсыз иштерден мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.

Урматбек Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылдын августунда дайындалган.

364