Көңүлдөн аруу кетип, колдон каруу кетип, көздүн огу мокоп, убагында аркар атып айылды баккан, сексен асыйдан ашкан Тоотай мерген, улак шыйрак сай мылтыгын таяна, небересин жетелеп кайкыга буктурлады. Дыбыраган жамгырдан кийин жалган түш оогондо, бадалдан чыга калган эликти атты. Ок айныды…ойт берген элик бадалга кире качты.
Окту таап келейин Чоң ата!, кайра аталы- деп тура чуркаган небересин этектен кармап токтотту да:
— АТЫЛГАН ОКТУ,
— АЙТЫЛГАН СӨЗДҮ,
— ӨЧКӨН КӨМҮРДҮ,
— ӨТКӨН ӨМҮРДҮ
кайтарууга болбойт балам, КАЙМАГЫНА КАШЫК САЙСА ЖЫГЫЛБАГАН актыгы да бар, БАРМАГЫНЫН БАШЫН САЛСА аштыгы да бар, бешигинен баштап белесине чейин төгүлүп турган берекесинен Жаратканым насип этсин…
Небересин маңдайынан сүйдү. Балта саптагандай баптап, бала уктаткандай таптап, наркы менен батасын кошуп сүйлөгөн, сөз дегенде аттан түшкөн Айкөлдүн эли экенибиз сыймыкка бөлөйт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram