7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көлдө электр тармактары жаңыланууда

189

Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана жайкы туристтик сезонго карата электр тармактарын жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата районунда 552 темир-бетон тирөөч орнотулуп, 94 чакырымдан ашуун заманбап СИП зымдары тартылган. Ошондой эле 67 чакырым жаңы электр чубалгылары курулуп, эскирген зымдар алмаштырылды.

Мындан тышкары, жыл башынан бери электр берүүчү чубалгылар жана трансформатордук көмөк чордонду капиталдык оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлгөн.

Министрлик белгилегендей, СИП зымдарын колдонуу авариялык өчүрүүлөрдү азайтып, электр энергиясынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртат.

190