7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейтаптардан акча талап кылган дарыгер кармалды

257

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук онкология жана гематология борборунун 37 жаштагы С.М.П. аттуу дарыгери акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча алып жүргөн. Ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат үчүн алынган төлөмдөрдү реестерге каттабастан, бейтаптардан 2000 сомдон 20 миң сомго чейин алган. Пара алуу боюнча бир нече эпизод видеого түшүрүлүп, дарыгердин кабинетин тинтүүдө 119 миң сом жана 100 АКШ доллар табылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында дарыгер УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

258