7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Кыяга ISUZU үлгүсүндөгү 10 автобус берилет

356

Бүгүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунда кезектеги лизинг келишимине кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлады.

Бул Кызыл-Кыя шаарынын шаардык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат. Келишимдин алкагында Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Самарканд автозаводу Өзбекстанда чыгарылган 10 заманбап ISUZU жүргүнчү автобустарын алат.

Автобустар шаардык транспорттун жаңылануу программасынын бир бөлүгү болуп, тургундарга шарт түзүп, коомдук транспорттун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жогорулатат.

Бул келишим Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан биринчи долбоор эмес. 2023-жылы ушундай эле келишимдин негизинде Кызыл-Кыя шаары буга чейин ISUZU SAZ HC-40 үлгүсүндөгү 10 автобус жана 2 ISUZU FVR 34K таштанды ташуучу унаа алган.

Лизинг долбоору дароо чоң чыгымдарды талап кылбаган, жабдууларды жаңыртуу жана инфраструктураны модернизациялоо үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу ыкма экенин көрсөтүп турат.

357