7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Иран искусствосунун көргөзмөсү өтөт

288

11-марттан 14-мартка чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Ирандын декоративдик-прикладдык искусствосунун көргөзмөсү өткөрүлөт. Төрт күндүн ичинде сиз каллиграфия, эмаль, мраморго сүрөт тартуу, миниатюра жана иллюминация сыяктуу искусствонун түрлөрү менен тааныша аласыз.

Көргөзмө Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы маданият өкүлчүлүгү тарабынан эки элдин ортосундагы кызматташуунун алкагында өткөрүлүүдө.

Көргөзмөгө келгендер перс каллиграфиясынын эң популярдуу кол жазмасы жана сефевид жана каджар стилинде жазылган миниатюралар менен тааныша алышат.

С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында ирандык чеберлер мастер-класстарды өткөрүшөт. Иран искусствосунун негиздерине кызыккандарга:

— Мехрдад Бабай – мраморго сүрөт тартуу;

— Али-Асгар Мирзаханян – эмаль живописи;

— Махди Махдави – миниатюра жана иллюминация;

— Хоссейн Разавифард – каллиграфия.

Иш-чаранын расмий ачылышы 11-мартта саат 11:30да болот.

289