7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаардык милициясынын улук тергөөчүсү кармалды

354

Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ал жеке кызыкчылыгын ойлоп, баюуну көздөп, кылмыш ишин токтотуу жана жоюу максатында Ош ШИИБдин архивдик кылмыш ишин таап, кайра ачууга көмөк көрсөтүү үчүн КР жаранынан 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

Аталган жаран бир нече жолу ИИБне кат жүзүндө кайрылуу жолдогон. Бирок, тергөөчү жарандардын кайрылууларын кароонун мыйзамда белгиленген тартибине карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылган.

Анын кызматтык кабинетин тинтүү учурунда 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып кармалып, тергөө абагына киргизилди.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча ишин активдүү улантууда.

 

355