7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дзюдочу Айбек уулу Кубанычбек казак спортчусун жеңип, жарым финалга чыкты

782

Кыргызстан курама командасынын дзюдочусу Айбек уулу Кубанычбек, Азия жана Океания чемпионатынын алкагында 2016-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, казакстандык  спортчу Элдос Сметовду жеңип алды. Белгиленгендей, чемпионат бүгүн, 6-апрелде Бишкектеги «Газпром» спорт комплексинде старт алды.

60 килограммга чейинки салмак чениндеги чейрек финалдык беттештин алкагында Кубанычбек Айбек уулу ушул салмактагы негизги фаворит деп эсептелген казакстандык дзюдочу менен жолугушту. Беттештин башында кыргызстандык оюнчу упай жагынан артыкчылыкка ээ болуп алдыга чыкты.

Аны менен катар Сметов шидодон эки жолу эскертүү алып, ошол эле учурда ал эсепти теңөөгө жетишкен.

Кармашта аларга кошумча убакыт берилип дээрлик он мүнөткө созулду. Ал эми беттештин негизги убактысы болгону 4 мүнөттү түздү. Он мүнөттүк курч күрөштө Кубанычбек таза чабуул жасап жеңишке ээ болгону менен калыстар тобу аны жокко чыгарышты. Ушундай эле чабуул менен казакстандык чабуулчу упай топтоого жетишкен, бирок калыстар тобун анын дагы упай кайтарып алышты.

Натыйжада, кошумча убакыттын онунчу мүнөтүндө Сметов күрөшкө пассивдүү катышканы үчүн үчүнчү ирет эскертүү алды, ал эми минималдуу артыкчылык менен кыргыз оюнчусу жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Айбек уулу бул чемпионаттын жарым финалына чыккан биринчи кыргызстандык. Эми ал Тайбэйден келген Джунг Вэй Янг менен беттешет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783