7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө 145 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

314

Жети-Өгүз районундагы 145 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.

Алсак, 2008-жылы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен Ысык-Көлдүн жанындагы 195 га жер тилкеси жеке адамга айыл чарба багытында пайдаланууга, алма бак тигүү максатында өткөрүлүп берилген. Бирок, көрсөтүлгөн мезгилде 50 га гана өздөштүрүлүп, калган 145 га такыр пайдаланылбай калган.

Жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экенин жана ал максатсыз пайдаланылганын түшүнүп, менчик ээси ыктыярдуу негизде жерди Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып берди.

315