7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги ботаникалык бакты калыбына келтирүү иштери башталды

334
Президент Садыр Жапаровдун ташырмасы менен Бишкек шаарындагы ботаникалык бакты оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды. Бул туурасында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымдады.
“Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!
Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарындагы ботаникалык бакчаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды.
Көп жылдан бери кароосуз калган бул аймак, тилекке каршы, коопсуздугу начарлап, кылмыштар көп катталган жерге айланып калган экен. Жакында эле жапайы жаныбарлар, анын ичинде чөөлөр дагы бул аймакты байырлап калган учурлар катталды.
Эми болсо, аталган бакчаларга көңүл бурулуп, айлана-тегереги ирээтке келтирилет. Тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулат, тротуарлар жаңыланып, шаар тургундары менен коноктору үчүн сейилдеп, эс ала турган коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөт”,-деп жазды Туманбаев.
335