7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын бардык элчиликтеринде унаалар жаңыланды

327

Кыргызстандын бардык элчиликтеринде унаалар жаңыланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында өткөн жылы 43 унаа сатып алынган. Быйыл 25 унаа сатып алуу пландалууда.

“Ошондой эле элчиликтердин бардыгында компьютерлер жаңыртылды. Жаңы техникалар менен жабдылууда. Ал эми Женева жана Кореядагы эчлиликтерге жаңы имарат сатып алуудабыз. Кореяда сүйлөшүүлөр аяктап, учурда каттоо процесси жүрүүдө. Женевада маселелер жаралып, бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр уланууда. Мындан тышкары, Новосибрск шаарындагы башкы консулдуктун имараты боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Дубайда дагы имарат сатып алуу пландалууда”, — деди министр.

328