7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин Атайын полкуна жол эрежелери эскертилди

271

Президент Садыр Жапаровдун жана Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жол коопсуздугу боюнча тапшырмасын негизинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун ѳздүк курамына жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик боюнча кошумча сабак ѳткѳрүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиди.

Сабактын максаты жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо жана күтүлбөгөн кырдаалдарда туура чечим кабыл алуу жөндөмдүктөрүн жогорулатуу.

Анын жүрүшүндѳ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери, ИИМдин жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча киргизилген ѳзгѳртүүлѳр боюнча маалымат берип, атайын видеотасма көргөзүлүп, жол белгилери боюнча суроо жооп уюштурулду.

 

 

272