7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте түрк ырларынын сынагы өттү

274

Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келе жаткан ТТӨМЕР окутуу борбору Түрк тили күнүнө карата түрк ырларынын сынагын уюштурду. Иш-чара Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында өтүп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусуна ээ болду.

Жарыштын жыйынтыгында Назима Жумакадырова «Сил башынан» ыры менен 1-орунду, Нурсултан Сыртбаев «Сабрет» ыры менен 2-орунду, Рыскелди Старбек «Бу геже өлүрүм» ыры менен 3-орунду алышты.

Калыстар тобунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) көркөм өнөр факультетинин окутуучулары Неджип Йылдын жана Гөкхан Үнсал, Бишкектеги түрк мектебинин музыка мугалими Шафак Баш жана Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин музыка мугалими Уфук Баш болду.

Сынактын катышуучуларына жана иш-чарада өткөрүлгөн чучу кулактын жеңүүчүлөрүнө (20 кишиге) Түркияга саякаттоого жолдомо берилди.

275