7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жолдон чыккан айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталып, айып пул салынууда

321

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оңдоо-түзөө иштери жүрүп жаткан Бишкек-Токмок унаа жолуна дрон учуруп, жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктоодо.

Кээ бир айдоочулар жолдордун оңдолуп жатканын, унаалардын тизилип жай жүрүп жатканын көрүп туруп, жол жээгине чыгып, жолду чаңдатып айдап, кайра унаалардын катарына кошулуп жасалма жол тыгындарын пайда кылышууда.

Бул көрүнүштөрдүн баардыгы асмандагы дрондун жардамы менен аныкталып, айдоочулар токтотулуп, тийиштүү айып пулдар салынууда.

Урматтуу айдоочулар жолдорубуздун жаңыдан салынышы өзүбүздүн жүрүү кыймылыбыздын жакшырышына алып келээрин эске алып, сабырдуулук, чыдамкайлык жана түшүнүү менен кабыл алып, жол эрежелерин так сактооңуздарды өтүнөбүз.

322