7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто “Жашыл аалам” поэзия фестивалы башталды

398

Ош шаарында Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган «Жашыл аалам» поэзия фестивалына старт берилди.

Иш-чаранын негизги максаты — Ош шаарынын маданий брендин жайылтуу жана түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү үчүн маданияттар аралык байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

Фестивалга Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Кыргызстандын жаш акындары катышууда.

Маданий иш-чаранын ачылышы бүгүн Ош мамлекеттик университетинде болуп, анын алкагында “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам” поэзия кечеси өттү. Анда акындын эң мыкты лирикалык, атуулдук чыгармалары жаңырды.

Фестиваль үч күнгө созулуп, анын жүрүшүндө чыгармачылык мастер-класстар, поэтикалык беттештер жана маданий экскурсиялар пландалган.

399