7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызстан аэропорттору» ААК калкты тейлөө боюнча өлкө тарыхында рекорд жаратты

169

Бүгүн «Кыргызстан аэропорттору» ААК 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2025-жылдын пландарын ачыктады. Бул туурасында компаниянын жетекчилигинен- Манасбек Самидинов, инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча директору Алтынбек Мамбетов жана коммерция боюнча директору Аман Мамаев пресс-конференция уюштуруп айтып берди.

Маалыматта 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Каракол, Талас жана Нарында жаңы аэропорттор курулуп, Казарман жана Кербен аэропорттору жаңыланды. Бул жылы 6 миллиондон ашык жүргүнчү тейленип, өлкөнүн тарыхындагы абсолюттук рекордго жетти.

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы түзүлүп, Ош-Каракол ич каттамы жана Кожентке эл аралык каттам ачылды. Жакын арада Алматы, Астана, Самарканд жана Ташкентке, ошондой эле Алматы–Ысык-Көл жана Ош–Ысык-Көл багыттары боюнча каттамдар ишке кирээри күтүлүүдө.

«Манас» аэропортунун учуп-конуу тилкеси масштабдуу реконструкцияланып, контролду тездетүү үчүн Face ID системасы ишке киргизилди жана аэропорттун терминалын кошумча 18 000 чарчы метрге кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 14-майында Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулуш иштери башталды. Аэропорттун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берип, Boeing 737, Airbus A 320 жана А 321 сыяктуу ири учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү ачылары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек 2024-жылы «Кыргызстан аэропорттору» ААК Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) тарабынан аудит жүргүзүлүп 85,7 балл алган. Бул региондогу коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана эл аралык стандарттарга шайкештигин тастыктайт.

 

170